• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абадда Кара-Дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, дарыяда суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерге жана турак жайларга кооптуулук жараткан.

Бүгүн жерине 20 оор инженердик техника тартылып, аска таштар түшүрүлүп, дарыянын нугун буруу иштери жүрүүдө.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов бекемдөө, кооптуулукту жоюу иштерин көзөмөлгө алууда.

Пикир

Оставить комментарий