• 87.86
  • 93.94
  • 1

Билим берүү министри Лондондо окуган кыргызстандык студенттер менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияда окуган кыргыз студенттери, анын ичинде "Эл үмүтү" стипендиясынын ээси Сапаргүл Абдинабиева менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, министрдин мекендештер менен жолугушуусу Лондондогу XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуунун алкагында өттү.

Ал эми Google`дун кеңсесине болгон сапарында Кендирбаева аталган компанияда иштеген Азирет Кенжеалиев менен жолугушту.

Кошумчалай кетсек, министр Догдуркүл Кендирбаева Google компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда нейросеттер, билим берүү системасы үчүн жасалма интеллекттин функциялары тууралуу маалыматтарды алды.

Пикир

Оставить комментарий