• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстандагы 693 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылууда

Билим 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы 693 мектепти кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырып жатат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул мектептер буга чейин демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен түрдүү провайдерлер жана түрдүү жолдор менен интернетке туташтырылгандыктан. Айрымдарында ылдамдык начар болсо, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү болгон.

Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандарын дүйнөлүк желеге кайра кошуу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий