• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында 23 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан "Кара-Куурай" аттуу атайын рейддик иш-чара жыйынтыкталды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан аталган иш-чараны өткөрүүгө облус боюнча шаар-райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен кошо коомчулуктан, чек ара, Улуттук коопсуздук комитетинен, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жалпы 400дөн ашуун адам тартылган.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 14 жумушчу топ түзүлүп, 2 айыл-чарба техникасы тартылган.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймагында 1574 га жер участкасы изилденип, айрыкча Токтогул, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Тогуз-Торо шаар-райондорунун аймагында - 481,8 га жер аянтында жапайы кара-куурай өсүмдүгү өскөндүгү аныкталган.

Анын ичинен 16,50 га жер аянтында өскөн жалпы салмагы 23 тонна 300 кг ашык жапайы кара-куурай өсүмдүгү орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий