Министрлер кабинетинин мүчөлөрү “Жамийла” улуттук мюзиклинде болушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Жамийла" мюзиклинде болушту.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган мюзикл - оригиналдуу музыка, поэзия, видеоконтент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыз элинин салттуу маданияты, фольклордук, хореографиялык жана вокалдык чыгармачылыкты айкалыштырат.

Пикир

Оставить комментарий