• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өмүрбекова КРдагы кант диабети менен күрөшүүнү күчөтүүгө убада берди

Өкмөт 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова “Кант диабети Кыргызстанда: көйгөйлөр жана чечимдер” аталышындагы тегерек столдо Кыргызстанда кант диабети менен күрөшүүнү күчөтүү абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Анын айтуусунда, кант диабетин дүйнөдө эпидемия деп атап коюшат.

“Дүйнө жүзүндө 400 млн. ашуун адам кант диабети менен ооруйт жана күндөн күнгө алардын саны өсүүдө. Диабет менен көп учурда шаар тургундары ооруйт. 57 миң диабет менен ооруган адамдардын ичинен 2 миңи биздин балдарыбыз. Жыл сайын жаңы диабет оорусуна чалдыккан 5 миң адам катталат”, - дейт Өмүрбекова.

Андан тышкары ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө кант диабети тууралуу мыйзамдын дары-дармектер менен камсыз кылуу бөлүгү толугу менен аткарылбай келет. Бейтаптарды реабилитациялоо системасы жок.

“Биз бул багытта иш алып барабыз жана баардык келип түшкөн эскертүүлөрдү жана сунуштарды кабыл алабыз”, - дейт вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, оорунун алдын алуу эң чоң ролду ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий