• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Улуттук банкы жыл башынан бери 63,8 млн доллар сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, Улуттук банк жыл башынан бери 7 интервенция жасады, анын ичинен бешөө ички валюта рыногунан чет элдик валютаны сатып алуу боюнча жүргүзүлдү.

"29-апрелге карата накталай сатып алуунун көлөмү 63,8 млн долларды түздү", - деди ал.

Белгилей кетсек, азыркы учурда доллардын расмий курсу 0,16%га төмөндөп, 1 доллар 88,66 сомду түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий