• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24./Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул күнү чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Ошондой эле чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.

Андан тышкары, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кичи футбол боюнча кубогу расмий ачылып, оюн башталды. Мелдеш чек арадагы куралдуу жаңжалдарда баатырларча курман болгон жарандардын жаркын элесине арналган.

Пикир

Оставить комментарий