Ош облусуна Өзбекстандын Андижан облусунун делегациясы келди

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Ош облусуна Өзбекстандын Андижан облусунун делегациясы келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов баштаган делегациян Ош облусунун башчысмы Элчибек Жантаев тосуп алды.

Андижан делегациясынын иш сапарынын максаты - Ош облусунун өндүрүш жана туризм тармактары менен таанышуу, ошондой эле облустар ортосунда тажрыйба алмашуу.

Делегация облустун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, анда делегациянын өкүлдөрү инфраструктура, өндүрүш процесстери менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Бул сапар Ош облусу менен Андижан облусунун ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат, ошондой эле экономика, өнөр жай, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Эки тарап тең тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттенүү өз жемишин берип, аймактарыбыздын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимдерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий