• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлорунун эл аралык жаштар форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлорунун эл аралык жаштар форуму болуп өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара 23-апрелден 27-апрелге чейин созулду. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын жаш техниктери жана ойлоп табуучулары катышты.

Сынакта түрдүү номинациялар боюнча илимий-техникалык жана ойлоп табуучулук долбоорлор сунушталды.

Форумдун катышуучуларынын эмгегин КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдорунун академиктери жана профессордук-окутуучулук курамы кирген калыстар тобу баалады.

Сынактын максаты – билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатууга, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө салым кошуу, ошондой эле Кыргызстандын келечектеги инженердик элитасы үчүн чечимдерди кабыл алууга жаштардын практикалык катышуусу болуп саналат.

Жеңүүчүлөр жана орундарга ээ болгондор I, II жана III даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, мелдешке борбор калаадагы мектептердин “Бишкек жылдыздары” курама командасы катышып, 4 алтын жана бир коло медалга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий