• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Венада эл аралык конференцияда Кыргызстандын "Алтын казык" программасы тааныштырылды

Билим 0

Бишкек, 30.04.24. / Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Автрияда Европа жана Борбордук Азиядагы "Сапаттуу эрте билим берүү бардыгы үчүн: системаларды жана инновацияларды өркүндөтүү аркылуу" темасындагы эл аралык конференцияга катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, илимий иш-чара Дүйнөлүк банк тарабынан 25-26-апрелде Венада уюштурулган.

Белгиленгендей, конференция бардык балдар үчүн сапаттуу эрте билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө байланышкан маселелерди талкуулоого багытталган.

Догдуркүл Кендирбаева конференцияга катышуунун алкагында Кыргызстандын билим берүүнү трансформациялоо боюнча "Алтын казык" программасы менен тааныштырды.

Ошондой эле конференциянын катышуучулары балдардын потенциалын өнүктүрүү, эрте окутуу үчүн инновациялык мейкиндиктерди долбоорлоо, мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн адилеттүү кеңейтүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө баяндамаларды угушту.

Кошумчалай кетсек, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Лира Самыкбаева 29-30-апрелде "Мугалимдер билим берүүнү трансформациялоо борборунда" аталышындагы эл аралык конференцияга катышууда.

Пикир

Оставить комментарий