• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жаңы биринчи проректор дайындалды

Билим 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору болуп Алмаз Ибраев дайындалды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору болуп дайындалган cаясий илимдердин кандидаты, профессор Алмаз Ибраев 7-майдан тарта кызматына киришти.

Алмаз Ибраев мындай маанилүү кызматка дайындалганы ал үчүн сыймык экенин айтып, университеттин ишмердүүлүгүнө салым кошууга кубанычта болорун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий