Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат берилет

Билим 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда бүтүрүүчүлөр биринчи жолу электрондук аттестат алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт.

"Бул окуу жылында биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук күбөлүк берилет", - дешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий