• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда эндокринологиялык кызматты каржылоону көбөйтүү керектелүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда эндокринология тармагында каржылоо керектелүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин маалыматтык өнүгүү боюнча орун басары Эркин Чечейбаев кант диабети темасындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.

“Бизде эндокринологиялык борборлор өтө аз. Буга байланыштуу кант диабетин эрте аныктоо өнүккөн эмес. Кадр жетишсиздиги дагы буга себеп болуп саналат. Албетте, мамлекеттен жардам бар, бирок ал жетпей жатат”, - деди Эркин Чечейбаев.

Ал өлкөнүн бардык аймагында атайын борборлорду ачууга бардык күч-аракеттер жумшаларын белгиледи.

Ошондой эле министрдин орун басары өлкөдө инсулиндин 6 айлык запасы жок экендигин, анын ордуна 3 айга гана запас бар экендигин айтты.

“Бул аздык кылат. Бардык инсулин үй-бүлөлүк медициналык борборлорго бөлүнгөн жана бекер таратылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий