• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кытай дарыгерлери кыргызстандыктардын көзүнө бекер операция жасайт. Каттоо 7-августта башталат

Ден соолук 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бишкекте Кытайдан келген офтальмологдор акысыз негизде катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 7-августтан 8-сентябрга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт (дүйшөмбүдөн жумага чейин).

Бейтаптардын жанында сөзсүз түрдө өздүгүн тастыктаган документ, маалымкаттар (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483

Пикир

Оставить комментарий