• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Бишкекте бүгүндөн тарта №166 автобус каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-майдан тарта №166 автобус каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.

Автобус Ауэзов көчөсүнөн Алтын Ордо конушунда чейин каттайт. Линияда 20 автобус иштейт, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

"Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий