• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дордой-2 конушундагы 60 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жана акчалай жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бишкектеги Дордой-2 конушундагы 60 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ар бир үй-бүлөгө бир кап ун, 25 кг күрүч, 10 кг вермишель, 3 литр коюлтулган сүт, 3 банка консерваланган азыктар, 3 пачка чай жана 5 литр өсүмдүк майы таратылды.

"Мындан тышкары демөөрчүлөр ар бир үйгө 15 миң сомдон жана баатирди ижарага алып жашаган 30 үй бүлөгө 10 миң сомдон тапшырышты", - деп белгилешти мэриядан.

Белгиленгендей, акциянын уюштуруучулары атын атагысы келбей, анонимдүү бойдон калууну каалашты.

Пикир

Оставить комментарий