• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте ардагерлер ишембиликке чыкты

Коом 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багында жазгы ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, парктын аймагын тазалоого борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери Бишкектин ардагерлери, Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери катышты.

Мындан тышкары, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактарда ишембилик өткөрүлдү.

Учурда таштандыларды атайын бөлүнгөн жерлерден чыгаруу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий