• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ЭТТКны колдонуу боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө — МСК

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Салык төлөөчүлөр үчүн КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги токтомуна ылайык электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонуу бөлүгүндө бир катар жаңы өзгөртүүлөр жана жөнөкөйлөтүүлөр киргизилүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, өзгөртүүлөрдүн бири болуп чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштегендерди товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана аларды эсептен чыгаруудан бошотуу саналат. Мындай ишкерлерге ЭТТКнын системасында каттоодон өтүү гана керек.

Ошондой эле тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштеген ишкерлер 2027-жылдын 1-январына чейин өз товарларын экспорттоодо ЭТТКны тариздөөдөн жана товарларды өндүрүү үчүн чийки затты кириштөөдөн бошотулат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлуна чейин бардык субъекттер системадагы товарлардын калдыктарын чыныгы калдыктар менен дал келтире алышат.

ЭТТКны колдонуу боюнча өзгөртүүлөр тууралуу толук маалыматты 116 номеринен жана жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий