• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жызактык Арзыхан апанын арзуулары

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Жакында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Нооруз майрамына карата атайын көргөзмө өттү. Иш-чара республикалык «Хунарманд» («Өнөрпоз») уюму тарабынан уюштурулган. Көргөзмөдө коюлган кыргыз шырдагы, курактары жана кийим-кечектери көпчүлүктүн назарына түштү. Алар өзбекстандык этникалык кыргыз, Жызак шаарынын тургуну Арзыхан Алимованын колунан жаралган эмгектер. "Кабар" агенттигинин атайын кабарчысы уз айым менен баарлашты.

Арзыхан Алимова 1955-жылы Ош облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн. Тагдыр буюруп Жызак шаарына келин болуп түшкөн. Учурда 5 баланы тарбиялап, он эки небере, үч чөбөрөнүн ардагында.

Кол өнөрчүлүк багытында жеке ишкерлик менен алектенет, жүздөн артык шакиртти тарбиялап, аларга өз устаттык батасын берген. Учурда 10дон ашык кыз-келинге өз өнөрүн үйрөтүүдө.

Арзыхан апа өткөн жылы Казакстандын Тараз шаарында болуп өткөн кол өнөр буюмдары эл аралык көзгөзмөсүнө катышып, татыктуу орунга ээ болгон. 2023-жылы Өзбекстан президентинын жарлыгына ылайык "Достук" ордени менен сыйланган.

Биз менен болгон маекте Арзыхан апа өзүнүн арзуулары жөнүндө ой бөлүштү.Ал үчүнчү муун кол өнөрчү. Анын жаш кезинен чеберчиликке шыгы өтө күчтүү болуп, чоң энеси Чолпонай, өзүнүн апасы Санабардан кыргыз кол өнөрүнүн нукура үлгүлөрү болгон шырдак, курак, оймо-чийме салууну жана улуттук кийимдерди тигүү сырларын кунт менен үйрөнгөн.

"Ар дайым Ташкентке келган сайын Алай базарына жолум түшүп калса, эмне үчүн базарга мындай наам берилгенине кызыга баштагам. Базардын аталышы Алай ханышасы Курманжан датканын Ташкентке келиши менен байланыштуу экенин көп адамдардан уктум. Ушундан улам, Алай базарында "Курманжан Датка" этнокомплексин жаратсак, ушундай кажыбас кайраттуу кыргыз аялына урмат-сый болуп, кыргыз-өзбек достугунун, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да өркүндөшүнө чоң салым болоор эле деп ойлой баштадым", - деди маектешибиз.

"Бул менин чоң арзуу-арманым, менимче бул этнокомплексте кыргыз боз үйүн орнотуп, улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн атайын борбор жаратылса, келечек муун үчүн өтө чоң мааниге ээ болот", деген ниетин билдирди Арзыхан апа.

"Жакшы жөрөлгө, ийгиликке өбөлгө" дегендей, учурда Кыргызстан жана Өзбекстандын жолбашчыларынын жүргүзүп жаткан жакшы коңшучулук саясатынан улам Архыхан апанын арзууларынын жүзөгө ашышы шексиз.

Эскерте кетсек, Ташкент шаарынын тарыхын изилдеген адистердин бири Александр Фиц өзүнүн "Эски Ташкент уламыштары" аттуу китебинде "Алай базарынын" пайда болушу падышалык орус армиясынын кыргыз жергесине жасаган аскердик жортуулу менен байланыштуу экендигин айкындаган. Дагы бир изилдөөчү окумуштуу Борис Голендер жазган макаласында кыргыз элинин белгилүү саясий ишмери, “Алай ханышасы” аталган Курманжан Датка эски Ташкенттин четиндеги бул аянтка келип, өзүнүн боз үйүн тиккен.

Анын Ташкентке келиши падышалык Россиянын өкмөтү өлүм жазасына өкүм кылган Камчыбек аттуу уулуна байланыштуу болгон. Курманжан Датканын уулуна чыгарылган өлүм жазасын Петербургдагы бийликтеги туугандары аркылуу жокко чыгарууну убада кылган адам, орус императорунун Ташкентке сүргүнгө айдалган жээни князь Николай Константинович Романов болгон. Анын таасирдүү туугандары аралашып, бул түйшүктөр көпкө созулуп кеткендиктен Курманжан энебиз бул жерде 3-4 ай туруп калууга аргасыз болгон. Ал ортодо Датка энебиз менен чогуу келген кыргыздар жана жергиликтүү калктын ортосунда соода байланышы түзүлгөн. Камчыбектин маселеси оң жагына чечилбегенден соң Курманжан Датка өлкөсүнө кайтып келкен, бирок алар конуш тапкан жерде пайда болгон базар "Алай базары "деп аталып калган.

Курманжан Датка менен чогуу келген кыргыздардын кээ бирөөлөру ушул жерде калып, соода иштерин улантып, отурукташып калган. Алардын урпактары Ташкент шаарынын четинде, союз доорунда "Кызыл-Туу" деп аталган, учурда Дүрмөн айылында жашап келишет.

Кабар МАБ Төлөнбай Курбанов.

Пикир

Оставить комментарий