• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жергиликтүү каттоосу бар жарандарга Нарын облусуна кирүүгө жардам көрсөтүлөт - комендант

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Нарында жашап, жергиликтүү каттоосу бар, бирок башка жерде жүргөн тургундарга Нарын облусуна кирүүгө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Аалиев жарандарды өзгөчө абал режими аяктаганга чейин көчөгө максатсыз чыкпоого чакырды.

"Бишкекке келдик элек, кайра кантип үйүбүзгө жетсек болот" деген суроолор көп берилип жатат. Эгер жергиликтүү каттооңуз болсо, биз Нарынга кирүүгө жардам беребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий