• 87.86
  • 93.94
  • 1

ОшМПУда студенттерге арналган “Окуунун мыктысы” форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мыкты окуган студенттер үчүн “Окуунун мыктысы” аталышында форум өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, факультет декандары, окутуучулар жана эң башкысы 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгына ылайык окуу процессине активдүү катышуу менен стипендияга жетишкен студенттер катышты.

Саамалык алгач Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, андан соң окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев окуу жайдын өнүгүүсүндөгү студенттердин салымы, алардын орду, алдыдагы ишке ашыруучу пландар тууралуу айтып, форумга катышып жаткан студенттер университеттин жүзү экендигин баса белгилөө менен кызуу куттуктады.

Андан соң форумдун спикерлери Кулпунай Мамасалиева, Айгүл Исамидинова жана Чолпонбек Самат уулу окуу жайды коомчулукка таанытуудагы социалдык тармактардын орду, билим алуудагы артыкчылыктар, мобилдүүлүк программасы жана билим менен бизнести айкалыштыра алып кетүү багытында тиешелүү маалыматтарды, сунуштарды айтышты. Бул менен бирге форум жандуу аудитория жана жагымдуу чыгармалар менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.

Соңунда студенттерди сыйлоо аземи уюштурулуп, окуунун мыктысы аталган студенттерге атайын төш белги, ОшМПУнун Ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле ар бир факультеттин жетекчилерине окуу жайдын логотиби түшүрүлгөн символикалык белектер ыйгарылды. Форумдун расмий бөлүгү жыйынтыкталган соң, катышуучулар үчүн атайын фотосессия уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий