• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Оштун Чек-Абад айылындагы мектептин курулушу 65%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айылындагы мектептин курулушу 65%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Тургунова атындагы №23 мектеп 225 окуучуга эсептелген. Бүгүнкү күндө курулуш объектисинде подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо жана тышкы келбети боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары жылуулук берүү системасы жасалууда.

Объекттин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен каржыланууда, анын сметалык наркы 988 миң 180 АКШ долларын түзөт. Курулуш иштеринин башынан баштап 443 миң 823 АКШ доллар каржыланган.

Мектептин курулушун аяктоо 2021-жылдын жайында пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий