• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүргөн шектүү адам Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүргөн шектүү адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февралында болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде 54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу 29 жаштагы Ы.К. өлтүрүп кеткен кылмышка шектүү 26 жаштагы Ж.А. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалды.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, шектүүнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык Кодексинин 130-беренеси (" Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана облустук милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий