• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ИИМ: Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүп кетишти, шектүүнүн өздүгү аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эне-баланы өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февралында болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде 54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу 29 жаштагы Ы.К.нын сөөгү табылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык Кодексинин 130-беренеси (" Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

“Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барып, үйдүн кире бериш бөлмөсүнөн баштарына катуу нерседен жаракат алган эки адамдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү жаран качып кеткен”,- деп айтылат маалыматта.

Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, издөөгө алынды.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана облустук милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды издөө жана кармоо иш-чаралары улантылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий