• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тарабынан кооптуу аймакта жайгашкан үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлган.

Күн мурун Сузак районунун Карамарт айылынын Баймаала тилкесинде жер көчкү активдешкен аймакта министрдин орун басары Эделбек Кулматов баштаган жумушчу топ жерине барышкан.

Буга чейин аталган аймактагы 14 үй-бүлө көчүрүү комиссиясы тарабынан коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн, бирок, жумушчу топ барган учурда 4 үй-бүлө туруктуу ордуна кайтып келип, турмуш-тиричилигин улантып жаткандыгы аныкталды.

Министрдин орун басары берилген эскертүүлөр канчалык деңгээлде аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөнүп, жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын алып барган жумуштарына баа берилерин айтты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1020 кооптуу аймак бар. Аталган жерлерде 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келүүдө. Ал эми турак жайлардын 650сү Сузак районунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий