• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыздын биринин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Бүгүн Түп районундагы Жыргалаң суусунун сол тарабынан сууга түшүп кеткен 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кичине кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде экинчи кызды издөө максатында 11 куткаруучу, 4 суучул, жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий