• 87.86
  • 93.94
  • 1

Сүлүктү шаарында Исхак Раззаковдун айкели орнотулду — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. КР Эл баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун айкели Сүлүктү шаарынын борбордук аянтына орнотулуп, салтанаттуу ачылуу аземи өттү.

Иш-чарага президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбековдор баштаган жетекчилер жана шаар тургундары катышты.

Тимур Мадяров улуу инсандын айкелин тургузган жергиликтүү скульптор Сайпидин Кушматовго облус башчысынын сыйлыгын тапшырып, бул демилгени колдоого алып каржылык колдоо көрсөткөн шаардын тургундарына ыраазычылык билдирди.

Айкелди орнотуу иштерине жалпы 400миң сом жумшалган. Анын 250 миң сомун шаардын 50 жаштагы тургундары, 150миң сомун шаардын дагы башка демөөрчүлөрү жыйнап берген.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн жетекчилер шаар тургундарынын бул аракетин, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүр таржымалын, эмгек жолун, инсандык асыл сапаттарын келечек муунга жеткирүүгө зор өбөлгө болоорун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий