• 87.86
  • 93.94
  • 1

ИИМдин Оштогу 7703 аскер бөлүгүндө жаңы спорт зал пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Ош шаарындагы 7703 аскер бөлүгүндө жаңы курулган спорттук залдын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, акыркы жылдары жетекчилик ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын күжүрмөн-кызматтык ишмердигин жакшыртууга багытталган бир топ алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, күнүмдүк кызматта ийгиликтерди жаратуу үчүн мыкты шарттардын болушу чоң мааниге ээ

"Өзгөчө кызматкерлердин дене тарбиялык даярдыгы аларга коюлган милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө экендиги талашсыз. Мына ушундай заманбап, баардык талаптарга жооп берген спорттук залды курууну колго алган Ички аскерлердин кол башчылыгына, 7703 аскер бөлүгүнүн жетекчилигине, өздүк курамга, жергиликтүү бийликке жана демөөрчүлөргө өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет.

Алдыда башка аскер бөлүктөрүндө да ушундай эле курулуштар жүзөгө ашат деген ишенимди билдирип кетем” – деди.

Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев өздүк курамды жаңы курулган спорттук залдын ачылышы менен куттуктап, мындан ары да спорттук иш-чараларга көбүрөөк көңүл буруларын айтты.

"Өздүк курамдын физикалык даярдыгы жогорку деңгээлде болушу зарыл жана мамлекетибиз тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткарууга ар-дайым даярдыкта болушубуз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий