• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Тажрыйба алмашуу. Нарында журналисттердин катышуусунда II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын шаарында “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең” темасындагы республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтүүдө.

Кыргыз тилдүү журналисттердин форумунда аймактык медианын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болууда.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Түлегеновдун айтымында, I “Ийгиликке кадам” медиафоруму эки жыл мурун Ош шаарында өткөн.

“Медиафорум өлкө аймагындагы кыргыз тилдүү журналисттер үчүн өткөрүлүп жатат. “Ийгиликке кадам” деп атагандыгыбыздын себеби, аймактагы кыргыз тилдүү журналисттер арасында ийгиликке жетишкендердин өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү болуп саналат. Бул жолу бир катар тематикада сессиялар болот”, - дейт ал.

Түлегенов аталган иш-чарага 70ке чукул журналисттер келгенин белгиледи.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы форумдун алкагында төмөнкү темалар караларын айтып өттү:

1. “Социалдык тармактар жана медиа”;

2. “Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги”;

3. “Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору;

4. “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу;

5. “ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук;

6. “Медиа жана санариптик коопсуздук;

7. “COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери;

8. “Шайлоону чагылдыруу маселелери”.

Медиафорум эртең, 9-сентябрь күнү да уланат.

Эскерте кетсек, “Ийгиликке кадам” медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” коомдук бирикмесине таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өтүп, ал өлкөбүздүн ийгиликтүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Белгилей кетсек, “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа”, Prevention Media сайттары жана “Марал ФМ” радиосу Нарындагы II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун маалыматтык өнөктөштөрү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий