• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун башчысы Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев облуста жалгыз калган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаровду 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчынын айтымында, ардагер Амантур Токтоназаров мекенге болгон сүйүсүү, берилгендиги жана эрдиги менен Ысык-Көл облусунун жана бүткүл өлкөнүн тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп келүүдө.

"Ардагер Амантур Токтоназаров атабыздын образында Ата Мекенге жан аябас кызмат кылуунун, тынчтыктын жана адилеттиктин идеалдарына терең берилгендиктин үлгүсү. Атабыз кыргызстандыктардын азыркы гана эмес, келечектеги муундарын да күчтүү жана гүлдөп өнүккөн коомду курууда ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө шыктандырат", - деп өкүл.

Пикир

Оставить комментарий