• 87.86
  • 93.94
  • 1

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу. Даярдык иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштерин жыл аягына чейин бүткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Мамлекеттик долбоор статусун алып, өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты жоюга багытталган ири долбоордун курулушуна болгон даярдык иштери планга ылайык өз убагында аткарылууда.

"Бүгүнкү күндө ГЭСтин курулушуна даярдык көрүүнүн алкагында бир катар жумуштар аткарылды. Бул иштер эки жылга пландалып, анда көпүрө салуу, суунун нугун буруу, тоннел казуу, жол салуу жана аны бетондоо, аба чубалгысын тартуу, жумушчулар үчүн убактылуу лагерди куруу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аткарылган иштер:

1. Бишкек – Ош унаа жолунун 318-чакырымынан №2 Прорезге чейин «Камбар-Ата-1» ГЭС участкасына кирүүчү жолдун жалпы узундугу 5,6 чакырымды түзөт. Анын ичинен 2,8 чакырым жолдун тротуарынын негизи даярдалып, бетон төшөлдү.

2. траспорттук тоннелинин (ТТ-2) жалпы узундугу чыгуу порталы менен 1388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 64 метр, экинчи чыгуу порталы тараптан 5 метр казылып бүттү.

3. 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, фазанын жалпы узундугу 4,605 км түзөт, узундугу 27,6 км болгон АЦ-150/24 эки чынжырлуу зымдар тартылды. Мындан тышкары 9 мамыча орнотулган.

4. КАГЭС-1 курулуш объектисинде ПС-110/6 кВ көмөкчордонду куруу, №10, 11, 12 жана 13-жол тилкесинде топурак жана таштарды иштетүү иштери жүрүп жатат.

5. Нарын дарыянын агымын буруу үчүн дамба (перемычка) орнотуу иштери аткарылууда.

6. Көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын ала долбоордун негизинде көпүрөнүн таянычтарын даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда №1,№ 4 таянычтарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

7. Курулуш жумушчулары үчүн убактылуу лагерь курулууда.

Белгилей кетсек, ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Пикир

Оставить комментарий