• 87.86
  • 93.94
  • 1

Хоргос шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылат

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Хоргос шаарынын Соода-өнөр жай палатасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, кыргыз тараптан меморандумга палатанын алдындагы Кыргызэкспоборбордун адиси Султан Осмонов кол койду. Документте кыргызстандык ишкерлер үчүн Хоргосто көргөзмө павильонун бөлүп берүү, ошондой эле Хоргос шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу каралган.

Меморандумга ылайык, көргөзмө-жарманкелер, иштиктүү жолугушуулар уюштурулуп, кыргызстандык экспортчуларга товарларын эл аралык соода шаарында ийгиликтүү сатууга көмөктөшүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул кыргызстандык ишкерлерге рынокторун кеңейтүүгө, жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга шарт түзөт.

Кыргызстандын ишкерлер тобу Хоргос шаарында да болушту. Иш сапардын алкагында бир катар жергиликтүү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, соода жайларында болушту. Делегация Хоргосто уюшкандыктын жогорку деңгээлин жана заманбап технологиялар колдонулуп жатканын, бул кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий