• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанга Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева келди

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Бишкек шаарына иш сапары менен келди.

Парламенттен билдиришкендей, ардактуу конокту “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Белгилей кетсек, бүгүн алгачкы ирет "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасындагы аялдардын ролу: Санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн лидерлик" темасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйыны өтүүдө.

Ага катышуу үчүн Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межлисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова дагы келди. Ал эми Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган делегация онлайн режимде катышууда.

Пикир

Оставить комментарий