• 87.86
  • 93.94
  • 1

КР Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө.

Улуттук банк 23-майга карата 1 доллардын расмий курсун 88,02 сом деңгээлинде бекитти, курс 0,15%га төмөндөдү. Евро 94,49 сом, рубль 97 тыйын, теңге 19 тыйындан сатылууда.

Коммерциялык банктарда доллар 88,71 сомдон сатылса, 87,91 сомдон сатып алынууда.

Жыл башынан бери финансылык жөнгө салуу органы валюта рыногунда долларды сатып алуу боюнча 7 жолу интервенция жасаган.

Ошентип, Улуттук банк 21-майда — 31,5 млн доллар, 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде - 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий