Авазбек Атаханов Бангладештин Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Ислам Монирулду (резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан) кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Авазбек Атаханов үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Бангладештин Дакка шаарында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий кеңешмелерди уюштургандыгы үчүн Бангладеш тарапка ыраазычылык билдирди.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты, айрыкча текстиль, айыл чарба, фармацевтика жана туризм тармактарында кызматташууга басым жасоо менен кыргыз-бангладеш мамилелерин өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү, ошондой эле бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле, министрдин орун басары Авазбек Атаханов Бангладеш элчисине Кыргызстандагы чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде Бангладештин жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди. Ал, үстүбүздөгү жылдын13-майында болгон окуяга күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катуу жазаланат деп ишендирди.

Өз кезегинде, Бангладештин элчиси Мухаммад Ислам Монирул мырза үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон окуя боюнча ыкчам маалымат берилгени жана ү.ж 18-майында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча өз убагында көрүлгөн чаралар үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кыргызстанда жана Бангладеште өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешип иштөөнү улантуу жана эки өлкөнүн консулдук кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча макулдашышты.

Кыргыз тарап Бангладештин элчисинин КР Мамлекеттик органдары жана Кыргызстанда жүргөн Бангладеш жарандары менен жолугушууларын уюштурууга зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий