• 87.86
  • 93.94
  • 1

Президент: Бүгүнкү күндө социалдык контракттын түздөн-түз пайдасы 70 миңден ашуун адамга тийди

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. “Бүгүнкү күндө социалдык контракттын түздөн-түз пайдасы 70 миңден ашуун адамга тийип, аларды жетиштүү турмуш менен камсыздалышына өбөлгө болду”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы эки жылдын жыйынтыгы менен социалдык контракттын катышуучуларынын 77 пайыздан ашыгы апта сайын 5 миң сомго чейин киреше алышса, 22 пайыздан ашыгы 10 миң сомго чейин апталык киреше алып жатканын баса белгилеп өттү. Бул социалдык келишимге катышкандар үчүн да, жалпы мамлекет үчүн да экономикалык натыйжанын жана жетишкендиктин далили.

Социалдык контракт программасы үч жыл мурун Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Нарын облусунун Жумгал районунан 100 гана адам катышкан пилоттук долбоордон башталган. Ойдогудай жыйынтык берээр бекен деп байкоо салып, чыдамсыздык менен күтүп жүрдүк. Пилоттук долбоор жакырчылыкта жашаган жана балдарына жөлөк пул алган үй чарбаларына багытталган. Мындай жарандарды өз бизнесин ачууга жана өз алдынча үй-бүлө кирешесин түзүүгө үндөө - так ушул социалдык контракт долбоорунун милдети болгон.

Бул эксперименттин натыйжасында 100 үй-бүлөнүн баары киреше ала баштаганда, долбоордун натыйжалуулугу белгилүү болуп, биз кийинки кадамга – долбоорду бүткүл республикага жайылтууга белсендик.

Ошентип, бүгүнкү күндө дээрлик 13 миң адам социалдык контракттын аркасы менен бизнес-идеяларын ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө реалдуу салымын кошо баштады”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, ушул программаны ишке ашырган Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерине, жер жерлердеги адистерге жана активисттерге ыраазычылык билдире кетти.

Пикир

Оставить комментарий