• 87.86
  • 93.94
  • 1

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери ОшМУда болду

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Лесли Вигери окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, ОшМУдагы билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар багытындагы жетишкендиктер, алдыдагы пландар боюнча пикир алышты.

Андан сырткары, англис тили боюнча адистерди даярдап келе жаткан дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги түзүлгөн шарттар, волонтер-окутуучулардын ишмердүүлүктөрү, ОшМУнун АКШнын окуу жайлары менен болгон байланыштарын жандантуу тууралуу сөз болду.

Элчи буга чейин да ОшМУ тууралуу көптөгөн жакшы пикирлерди уккандыгын, бүгүнкү жолугушууда айтылган сунуш-пикирлерди колдоорун билдирди.

Иш сапардын алкагында элчи Лесли Вигери ошондой эле дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилин окуткан профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту. Окутуучулардын арасында АКШдан келип эмгектенип жаткан ТЕСОЛ тренери Эрик Росалес, Фулбрайт программасынын англис тилин окутуунун ассисстенти МакКенна Виртс да бар.

Факультеттин деканы Рахат Сагындыкова элчилик тарабынан каржыланган англис тилин окутуу программалары, факультетте эмгектенип кеткен жана учурда эмгектенип жаткан волонтер-окутуучулар тууралуу маалымат берди. Окутуучулардын билимин өркүндөтүүчү тренинг, курс, сүйлөө клубу, жазуу клубдары, англис тилин окуткан окутуучулардын англис тилин окутууда жана англис тилин илим жаатында өздөштүрүүгө багытталаган академиялык англис тили курстары тууралуу презентация жасады.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи ар бир окутуучу-волонтердун англис тилин жайылтууда аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу баарлашып, суроолорго жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий