• 87.86
  • 93.94
  • 1

"Манас" аэропортунда бомба тууралуу билдирүүдөн кийин адамдар эвакуацияланууда

Кырсык 0


Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. "Манас" аэропортунда бомба коюлганы тууралуу билдирүүдөн кийин кайрадан эвакуация жүргүзүлүүдө.

"Кабар" агенттигине аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 13:10до аэропорттун аймагына бомба коюлганы, ал саат 15:00дө жарыла тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Азыр каттоо токтотулуп, аэропорттогу адамдарды эвакуациялоо жүргүзүлүп жатат. Бирок, каттамдар жылдырыла элек", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, өткөн жумада дагы аэропортко бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, бирок анда маалымат ырасталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий