• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түркияда кыргызстандык келин күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн

Кырсык 0


Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Өткөн дем алыш күнү Түркиянын Гёреле районунда кыргызстандык Керемет Н. аттуу келин өлтүрүлгөн. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыкты.

Полициянын маалыматы боюнча, каза болгон келиндин сөөгү 7 чакырым алыстыкта жайгашкан башка аймактан жолдун четинен табылган. Маркумдун башына жана далысына ок тийген.

Белгиленгендей, маркум Түркиянын жараны менен жарандык никеде жашап келген. Келиндин үч баласы болгон.

Жарандык жолдошу келинди кызганычтан өлтүргөндүгүн, аялы анын көзүнө чөп салгандыгын билдирген.

Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөн соң, мекенине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий