• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Суусамырдагы каракчылык: Үч киши унааны токтотуп, 35 миң сом тоноп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө белгисиз үч киши унааны тоноп кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алар токтоткон унаанын ичинде 3 адам болгон, шектүүлөр тапанча менен кол салышкан.

"Шектүүлөр 35 миң сомду алып кетишкен. Бирок алар Сосновка постунда колго түшүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий