• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аксы районунда айыл аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.24. /Кабар/. Аксы районуна айыл аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулары 56 турак жайдын короосун, анын ичинде 6 турак үйдүн жер төлөөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай уруп калган.

Жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган ыкчам топ менен штаб түзүлүп, Аксы районунун акими З. Бейшеновтун №188-Б буйругунун негизинде айыл аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 100 адам, ӨКМден 24 куткаруучу тартылды.

Мындан сырткары, райондук Жарандык коргонуу кызматынан жана ӨКМдин 15 техника тартылып, жолдорду тазалоо, Кара-Суу дарыясынын сол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Ошондой эле Сары-Челек айыл аймагында 3 ички көпүрө авариялык абалга келип, кооптулук жаралган.

Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий