• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аксыдагы сел. Облус башчысы абалды жөнгө салуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди

Аймак 0

Бишкек, 26.05.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Аксыдагы селдин кесепеттерин жеринен көрүп, абалды жөнгө салуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 25-майда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кезарт сайынан түшкөн сел суулары Кара-Жыгач — Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында көпүрөнүн түбүнө батпай ашып,жолго сел калдыктары толуп, жол каттамы жабылган.

Ошондой эле Кезарт сел сайынан түшкөн сел калдыктары Кара-Суу дарыясын бөгөп, суунун деңгээли көтөрүлүп, сол жээгин жеп турак жайларга кооптуулук жаралып, жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 64 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланган.

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жеринде абалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү ЖК кызматынын мүчөлөрүнө ыкчам жыйын өткөрдү. Анда короосуна суу кирген 12 турак үйдүн, үч мал сарайдын жана бир катар участкаларда калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнү тапшырды.

Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана ЖК кызматынын даярдыкта турган күч каражаттары тартылып, сел кирген турак жайлардын суулары мотопомпанынын жардамында коопсуз жайга чыгарылып, 11 оор инженердик техниканын жардамында чарбалык жолдорду калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий