• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө кытайлык студентти издөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 22 жаштагы студенти Сай Тунду издөө иштери уланууда.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сай Тун 24-июлда жоголгон. Бирок, чет элдик жарандын жоголушу боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 18-августта гана түшкөн.

Анын досторунун айтымында, Сай Тун Ак-Суу районундагы Ала-Көл жайдлоосу тарапка кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кечээ, 22-августта аталган жаранды издөө иштерине ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер тартылып, кеч киргендигинге байланыштуу издөө иши токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий