Саламаттык сактоо министри медициналык ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандагы ЖОЖдордогу чет элдик студенттердин коопсуздугу, ден соолук жана билим алуу маселелери талкууланды.

Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстанда билим алууга тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, муну эл аралык билим берүү байланыштарын жана маданий алмашууну өнүктүрүү контекстинде негиздеди.

Ал студенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранып, кырдаал бардык тиешелүү органдардын көзөмөлүндө экенине ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий