• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жаңы директору жамаатка тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жалпы жамаатына жаңыдан директор болуп дайындалган Мирслав Аманкулов тааныштырылды.

Жаңы жетекчини КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев тааныштырган.

Мирслав Аманкуловду Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кылып дайындоо боюнча буйрукка 6-сентябрда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

М.Аманкулов мурда "Витяз" мамлекеттик ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий