• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте активдүү узак жашоо саясаты талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Азыркы Кыргызстандагы улгайган адамдардын ролуна көз караштардын трансформациясы" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү, деп билдирет Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы.

Конференцияга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомчулуктун, социалдык мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер (Россия, Армения, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай), академиялык коомчулук жана студенттер катышты.

"Конференциянын жүрүшүндө улгайган адамдарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, анын ичинде КРда 2019-2025-жылдарга карата улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш - чаралар планын ишке ашыруу талкууланды. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда Гериатрия жана геронтологияны өнүктүрүү, ошондой эле медициналык-социалдык иштердин адистерин даярдоо боюнча билим берүү программаларына инновациялык ыкмаларды киргизүү каралды", - деди эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева.

ДМЧА жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын айтымында, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын маанилүү багыты, улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында бакубаттуулукту камсыз кылуу болуп саналат.

"Министрлер кабинети тарабынан социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү жолу менен улгайган жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Профилактикага жана ден соолукту чыңдоого, ден соолукту коргоо системасын өркүндөтүү жана активдүү узак жашоону илгерилетүү аркылуу улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурулууда", - деп маалымдады ал.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстандын социалдык чөйрөсүндө кадрларды даярдоо процессинде дүйнө таанымды жана карылыкка карата оң мамилени, активдүү жана сергек карылык маданиятын калыптандырууда заманбап илимдин ролун күчөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий