Бишкекте бизнес өнөктөшүн 30 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкекте биргелешип ишкердик кылуу үчүн өнөктөшүн 30 миң долларын алып, из жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 24-сентябрда Б.К. аттуу жаран милицияга чала таанышы "Н" аттуу адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Шектүү май айында ишенимге кирип, биргелешип ишкердик кылабыз деп алдап, 30 миң доллар АКШ акчасын алып, изин жашырып жүргөнүн билдирген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-бересине ылайык ("Алдамчылык") кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Э.уулу Н. аттуу жаран Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранат: 0 (706) 41-15-15, 0 (502) 28-28-68, 0 (550) 10-26-59 же 102.

Пикир

Оставить комментарий