• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутат бир шарт менен Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-февралынан тартып “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Маалымдама-негиздемеге ылайык, бул мыйзам долбоору жарандардын автопаркын жаңылоо, сапаттуу унаалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана ири шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Бул максатка жетүү үчүн мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамынын 2 жана 21-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Белгилүү болгондой, биздин өлкөдө оң жактуу кыймыл бар. 2015-жылы Кыргызстанда оң рулдуу унааны каттоо, ишке киргизүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынган. Кийинчерээк коммуналдык жана айыл чарба, жол куруу жана башка максаттарга арналган автотранспортторду пайдаланууга уруксат берилген.

Жарандардын оң рулдуу жеке унааларды колдонуусуна тыюу салуу жарандардын жолдордогу коопсуздугу менен түшүндүрүлгөн. Чындыгында эле оң рулдуу унаалар оң рулдуу жол кыймылына катышып, ашып өтүүдө кыйынчылыктарга туш болуп, кырсыкка себеп болушу мүмкүн. Бирок, технологиянын өнүгүүсү бир орунда турбастыгын эске алуу керек. Азыр да оң рулдуу унаалардын айрым айдоочулары оң рулдуу унааларында монитор менен өтүп бара жаткан камераны колдонушат. Бул ашык өтүүдөгү көйгөйдү чечүүгө жардам берип, жол кырсыктарын азайтат.

Мурда импорттолгон жана биздин өлкөдө колдонулган оң рулдуу унаалар негизинен сапаты жана ыңгайлуулугу биринчи орунда турган Япониядан келгендиктен, эң жакшы техникалык мүнөздөмөлөргө ээ. Чыгарылган жылы жана башка техникалык көрсөткүчтөрү биздин ички рынокко башка өлкөлөрдөн кирген сол рулдуу унааларга караганда алда канча пайдалуу.

Мындан тышкары, көбүрөөк "жаңы" унаалардын иштеши жалпысынан экологияга жагымдуу таасирин тийгизет жана республикалык маанидеги шаарлардагы түтүн маселесин чечүүнү шарттайт.

Ушуга байланыштуу биз аталган мыйзам долбоору менен монитордуу ашып өтүүчү камераны милдеттүү түрдө орнотуу менен оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Бул өлкөнүн автопаркын жаңылоого, жарандардын сапаттуу авто унаага жеткиликтүүлүгүнө жол ачып, жалпысынан экологиялык абалды жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий