• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде автобус тилкеси уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн (Совет көчөсү) биринде сары тилке (автобус) пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдайт.

Автобус тилкеси Байтик Баатыр көчөсүндө Масалиев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин жана Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө уюштурулмакчы.

Департаменттин маалыматына ылайык, тилкени жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

«Бирок, автобус тилкеси жолдун үч тилке бар аймактарына гана уюштурулат - бирөө коомдук транспорт үчүн, ал эми экөө айдоочулар үчүн», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий